Akchabarsearch
Кыргызстанда криптобиржалар үчүн минималдуу уставдык капитал 300 млн сом өлчөмүндө белгиленди

Жарыяланган

2026-17-03, 18:00

Кыргызстанда криптобиржалар үчүн минималдуу уставдык капитал 300 млн сом өлчөмүндө белгиленди

Президент Садыр Жапаров криптобиржалар үчүн минималдуу уставдык капиталды 300 млн сом өлчөмүндө белгилеген жарлыкка кол койду. Документ санарип активдер рыногун жөнгө салууну жана анын туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Жарлыкка ылайык, учурда иштеп жаткан криптобиржалар уставдык капиталын жаңы талапка ылайык, 1-июлга чейин шайкеш келтириши керек. Бул каражаттар компаниялардын ишин туруктуу жүргүзүүгө жана ликвиддүүлүгүн камсыздоого колдонулат.

Министрлер кабинетине 40 күндүн ичинде жарлыкты ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу тапшырылды. Документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Мындай талаптар рыноктогу майда компаниялардын санын кыскартышы мүмкүн. Бирок бул инвесторлордун ишенимин арттырып, криптобиржалардын ишин турукташтырат.

Учурда Каржылык көзөмөл органдарынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 14 криптобиржа иштеп жатат:

— ЖЧК «Биг Крипто»
— ЖАК «Жакшы заман»
— ААК «Коин Номад Эксчейндж»
— ЖАК «Онли Файненс»
— ЖАК «ТенгриКоин»
— ЖАК «Биржа Центральной Азии»
— ЖАК «Современные цифровые технологии»
— ААК «БитРуби»
— ЖАК «ТокенСпот»
— ААК «ЭксПрайм»
— ЖАК «Азимут Капитал»
— ЖАК «Биатекс»
— ЖАК «Биткор»
— ААК «Енвойс вижион диджитал эксчейндж»

 


Тектеш материалды окуу