Жарыяланган
2025-27-08, 11:40Каржы министрлиги түзгөн «Коин Номад Эксчейндж» аттуу алгачкы мамлекеттик криптобиржа Финансы көзөмөл органынын реестрине катталып, виртуалдык активдер менен соода жүргүзгөн оператор макамын алды.
Бул өлкөдөгү лицензия алган 13-криптобиржа болуп калды. Лицензия 2025-жылдын 24-январында берилген. Биржа былтыр 30-декабрда катталып, быйыл июнда кайра каттоодон өткөн. Бул божомолго караганда, аталыштагы өзгөрүүгө байланыштуу болушу мүмкүн. Мурда латын тамгалары менен жазылчу (Coin National Exchange).
Биржанын жалгыз ээси — Каржы министрлиги, жетекчиси — Айдин Бектуров. «Коин Номад Эксчейндж» биржасынын уставдык капиталы 100 млн сомду түзөт.
Быйыл июль айында аталган криптобиржа Бишкектин Биринчи май райондук салык кызматына 300 миң сом киреше салыгын төлөгөн.