Akchabarsearch
Кыргызстандын Каржы министрлигине караштуу төлөм уюму Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирди

Жарыяланган

2026-09-10, 10:00

Кыргызстандын Каржы министрлигине караштуу төлөм уюму Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирди

Улуу Британия 8-октябрда Россияга каршы санкциялардын тизмесин кеңейтти. Ага 23 компания, үч жеке жак жана 12 кеме киргизилди. Алардын арасында Кыргызстанда катталган «Процессинг КейДжи» компаниясы да бар.

«Процессинг КейДжи» төлөм инфраструктурасы жана эл аралык эсептешүүлөр тармагында иш алып барат. Улуттук банктын реестринде төлөм уюму катары көрсөтүлгөн компаниянын башкармалыгынын төрагасы — Улан Букабаев.

Компания мамлекетке байланышы бар. 2025-жылдын июль айында Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен «Альфа Телекомдун» үлүштөрү өткөрүлүп берилгенден кийин Кыргызстандын Каржы министрлиги компаниянын жалгыз акционери болуп калган.

Улуу Британия Улан Букабаевге да жеке санкцияларды киргизди. Санкциялык тизмеге кирген компаниялардын активдери тоңдурулат. Ал эми Букабаевдин активдерин тоңдуруудан тышкары, ага Улуу Британияга кирүүгө да тыюу салынат.

Британ бийлигинин билдирүүсүндө «Процессинг КейДЖИнин» ишмердүүлүгү Россия үчүн экономикалык мааниге ээ деп эсептөөгө негиздер бар экени айтылат. Ошол эле учурда санкциялар түздөн-түз компанияга карата киргизилген жана бул Кыргызстандын бүтүндөй каржы системасына чектөөлөр коюлду дегенди билдирбейт.

Санкциялык тизмеге Кыргызстандагы дагы бир компания — «ТокенСпот» да киргизилген. Британ тараптын маалыматына ылайык, анын ишмердүүлүгү Россиянын каржы сектору менен байланыштуу.

Мындан тышкары, Улуу Британиянын санкциялык тизмесине Россиянын «Зарубежнефть», «ИНК-Капитал», «Столичный кредит» банкы, «Прайм Топ», «Альбион» жана «Сидас Плюс» компаниялары, ошондой эле Канада менен Түркиядагы айрым компаниялар кирген.

Ошондой эле Россиянын мунайын жана мунай продуктуларын үчүнчү өлкөлөргө ташууга байланыштуу 12 кемеге санкция салынды. Аларга Улуу Британиянын портторуна кирүүгө жана бир катар кызматтарды алууга чектөөлөр киргизилет.


Тектеш материалды окуу