
Жарыяланган
2026-05-11, 10:29Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда энергетика суусундуктарды өндүрүүгө, өлкөгө алып келүүгө жана сатууга тыюу салууну тапшырды. Бул тууралуу ал "Фейсбуктагы" баракчасында билдирди.
Анын айтымында, энергетика суусундуктарды сатууга тыюу салуу боюнча маселе эл арасында да, Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп келген.
Президенттин администрациясынын талдоосуна ылайык, 2025-жылы өлкөдө 54.2 млн литр же 129 млн банка энергетик ичилген. Ал эми быйыл жарым жылда эле 36.08 млн литр же 85.9 млн банка энергетик ичилген.
Жапаров билдиргендей, медицина адистери энергетикти көп ичүү ден соолукка зыян экенин эскертип келет.
"Албетте, айрымдар “ашыкча ичпесе эч нерсе болбойт, ичип эле жүрбөйбүзбү” деп айтышы мүмкүн. Бирок бул суусундуктардын бара-бара адамды көз карандылыкка алып келерин эске алганыбызда, ал кадимки адатка айланып, андан баш тарта албай, акыры соңу кейиштүү абалга алып барып жаткан учурлар арбын.
Ушул суусундуктун айынан инфаркт, кант диабети, бөйрөк оорусуна, жана башка дарттарга чалдыккан миңдеген жарандарды дарылоого, гемодиализ борборлорун ачууга жана кымбат баалуу операцияларды каржылоого республикалык бюджеттен андан да алда канча көп каражат коротууга мажбур болуп жатабыз. Медициналык чыгымдар эселеп өсүп жатат", - дейт ал.
Садыр Жапаров мамлекет оорунун кесепеттери менен алышпай, аны алдын алуу керек экенин айтат.
Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга тыюу салынса, жылына 1.5 млрд сомдой салык түшпөй кала турганы эсептелген.
"Бирок улуттун, жарандардын жана келечек муундун саламаттыгы эч кандай акча менен өлчөнбөшү керек!
Экономиканын эң башкы кыймылдаткыч күчү – салык эмес, дени сак адамдык капитал экенин да эсибизден чыгарбайлы", - дейт ал.
Президенттин тапшырмасына ылайык, өкмөт 1 ай ичинде энергетикалык суусундуктарды өндүрүү жана сатууга тыюу салуу маселесин 1 айда карап чыгып, 6 ай ичинде бул суусундуктарга тыюу салган мыйзам кабыл алынышы керек.



