
Жарыяланган
2026-05-11, 11:38Кыргызстанда курулуш иштерин өз убагында бүтүрбөгөн компанияларга жаңы объекттерди курууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-ноябрда курулуш министри Нурдан Орунтаев курулушту кечиктирип жаткан 31 компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жыйында жарандардын арыздары каралып, курулуштардын эмне себептен бүтпөй жатканы талкууланды.
Министр тиешелүү кызматтарга мындай компанияларга жаңы курулуш баштоого уруксат бербөөнү жана бүтпөй жаткан объектилерди катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.
Ошондой эле айрым компаниялар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.



