
Жарыяланган
2026-04-11, 10:36Кыргызстанда курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн өлкөгө алып кирүүгө коюлган убактылуу тыюу жокко чыгарылат. Тиешелүү токтомду Министрлер Кабинети кабыл алды.
Маалыматка ылайык, чечим курулуш материалдарынын рыногун турукташтыруу максатында кабыл алынган.
Буга чейин, 2026-жылдын 14-сентябрында, өкмөт айрым курулуш материалдарын импорттоого убактылуу тыюу салган. Эми бул чечим жана ага 12-октябрда киргизилген өзгөртүүлөр күчүн жоготот.
Экономика жана коммерция министрлиги тыюунун алынганы тууралуу үч күндүн ичинде Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы керек. Ал эми Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирет.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



