
Жарыяланган
2026-05-11, 09:58Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрүнүн курулушун өз убагында бүткөрө албаган курулуш компанияларына жаңы үйлөрдү курууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, министр Нурдан Орунтаев 4-ноябрда курулушун айтылган мөөнөттө бүтүрө албай жаткан 31 компаниянын өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Анда алардын курулуш иштеринин кечеңдешинин себептери тууралуу маалымат алынып, министр аларга азыркы курулушунтарын бүткөрмөйүнчө жаңы үйлөрдү курууга уруксат берилбей турганын эскерткен.
Ошол эле учурда министрлик айрым курулуш компанияларынын ишине байланыштуу материалдарды укуктук баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтө турган болгон.
Министр курулуш компаниялары биринчи кезекте өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарып, жарандардын алдындагы жоопкерчилигин сезиши керектигин белгилеген.



