
Жарыяланган
2026-27-08, 12:072026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын камсыздандыруу уюмдары милдеттүү камсыздандыруу боюнча 522.5 миң келишим түзүшкөн. Камсыздандыруунун жалпы суммасы 547.1 млрд сомду, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 1.3 млрд сомду түзгөн.
Алты айда камсыздандыруу компаниялары 3 миң 883 камсыздандыруу окуясын каттап, алар боюнча 371.3 млн сом төлөп беришкен. Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча 1.2 млрд сом төгүм түшүп, 340.2 млн сом төлөм жүргүзүлгөн. Бул багытта 366.8 миң келишим түзүлүп, 3 миң 755 камсыздандыруу окуясы катталган.
Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун ичинде эң көп каражат унаа ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруудан түшкөн. Бул багытта 337.9 миң келишим түзүлүп, камсыздандыруу төгүмдөрү 802.6 млн сомду, ал эми төлөмдөр 329.5 млн сомду түзгөн. Ошондой эле 3 миң 646 камсыздандыруу окуясы катталган.
Жарандардын мүлкүн камсыздандыруудан 126.6 млн сом төгүм түшкөн. Бул багытта 155.1 миң келишим түзүлүп, 128 камсыздандыруу окуясы катталган. Алар боюнча 31 млн сом төлөнгөн. Түшкөн каражаттын дээрлик бардыгы — 126.4 млн сом — кыймылсыз мүлктү камсыздандырууга туура келген.
Мындан тышкары, январь-июнь айларында иш берүүчүлөрдүн кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жоопкерчилигин камсыздандыруудан 312.4 млн сом, жүргүнчүлөр алдындагы ташуучулардын жоопкерчилигин камсыздандыруудан 27.9 млн сом, кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жоопкерчилигин камсыздандыруудан 10.8 млн сом түшкөн.
Ал эми кооптуу өндүрүш объектилерин иштеткен уюмдардын жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча төгүмдөр 21.2 млн сомду түзгөн.


