Akchabarsearch
Касымалиев: 2018-жылы бюджеттин кирешеси 135 млрд сом болчу, быйыл иштегендерге айлык үчүн 200 млрд сом жумшалууда

Жарыяланган

2026-27-02, 11:24

Касымалиев: 2018-жылы бюджеттин кирешеси 135 млрд сом болчу, быйыл иштегендерге айлык үчүн 200 млрд сом жумшалууда

Быйыл эмгек акы төлөө фонду 200 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы эмгек акы төлөө фонду 146,5 млрд сомду түздү. 2026-жылы 200 млрд сомдон ашты. Менин эсимде 2018-жылы Финансы министри болуп турганда бюджеттин бардык  кирешеси 135 миллиард сомду гана түзгөн болчу”, - деди ал.

Ал Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча орточо айлык 44 миң 419 сомду түзгөнүн белгиледи.


Тектеш материалды окуу