Akchabarsearch
Президент: Сентябрдан тарта бюджеттик квоталар менен окуган студенттерди ротация кылабыз

Жарыяланган

2026-16-02, 11:52

Президент: Сентябрдан тарта бюджеттик квоталар менен окуган студенттерди ротация кылабыз

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрдан тарта бюджеттик квоталар менен окуган студенттерди ротация боло турганын айтты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал бул боюнча өкмөт башчысы менен министрлерди чогултуп, тапшырма бергенин белгиледи.

“Ар бир облустун борборлоруна студенттик жатаканаларды салгыла, 2026-жылдын 1-сентябрынан баштап, бюджеттик квоталар менен окуган студенттерди ротация кылабыз деп.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпысынан алганда 10 миң абитуриентке бюджеттик орун берилет экен. Ошонун 5 миңин түштүктүк абитуриенттерге, 5 миңин түндүктүк абитуриенттерге беребиз.

Түндүктүк студент түштүктөн окуйт, түштүктүк студент түндүктөн окуйт. Жанагы жети облуска студенттик жатаканаларды салдырып жатканым ушундан. Бирок быйыл үлгүрбөй калгандыгыбызга байланыштуу эмдиги жылдын сентябрына жылдырдык”, - дейт ал.

Президент 20-30 жылдан кийин түндүк-түштүк оорусу жоголо турганын кошумчалады.


Тектеш материалды окуу