Жарыяланган
2025-07-05, 15:14Быйыл январь-март айларында Кыгызстанда орточо жашоо минимуму 8253 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Эмгек курагындагы эркектер үчүн жашоо минимум 9460 сом болсо, аялдардыкы 9181 сомду түзгөн.
Ал эми пенсионерлер үчүн жашоо минимум 7282 сом, балдар үчүн 7042 сом деп эсептелген. Балдардыкы курагына жараша жашоо минимуму да ар кандай: 0-7 жаш – 6273 сом, 7-14 жаш – 7271 сом жана 14-17 жаштагылардыкы – 8022 сом.