Жарыяланган
2025-07-05, 17:33Президент Садыр Жапаров 8-9-майда Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Иш сапарынын алкагында Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
"Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Москвадагы Кызыл аянтта өтө турган маарекелик Жеңиш парадына катышат.
Белгилей кетсек, алдыдагы салтанаттуу парадга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Параддык бөлүгү да катышат", - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.
Садыр Жапаров Россияга кесиптеши Владимир Путиндин чакыруусу менен барат.