Жарыяланган
2025-07-05, 16:48Нарындын Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтүндөгү Кош-Караташ тилкесинде "Нур" кооперативи япониялык ишкерлер менен бирге 100 гектар жерге чычырканак айдоону пландап жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул долбоор Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин адистеринин көмөгү менен жүргүзүлүп жатат.
"Бүгүнкү күндө иштер башталып, 1000 көчөт отургузулду. Кооперативдин бул демилгеси жергиликтүү айыл чарба секторун өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканы жандандырууга өз пайдасын тийгизет", - деп айтылат маалыматта.