Akchabarsearch
Кыргызстанда жыл башынан тарта 651 чакырым жол асфальтталды

Жарыяланган

2026-17-07, 10:34

Кыргызстанда жыл башынан тарта 651 чакырым жол асфальтталды

Кыргызстанда жол куруу темпи өстү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. 

Министрликтин маалыматы боююнча, 2026-жылдын июль айына карата өлкө боюнча жалпы 651 чакырым жол асфальтталды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 265 чакырымга көп. 2025-жылдын июль айына карата өлкөдө 386 чакырым жол асфальтталган. 

“Жол куруудагы өсүш жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтөт. Жаңы жана сапаттуу жолдордун курулушу аймактардын байланышын жакшыртып, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу каттамын камсыздоого өбөлгө түзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.


Тектеш материалды окуу