Akchabarsearch
Төрт айда Кыргызстанга 401.1 тонна кофе импорттолду

Жарыяланган

2026-17-07, 11:10

Төрт айда Кыргызстанга 401.1 тонна кофе импорттолду

Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстанга дээрлик 390.8 млн сомго кофе импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Кыргызстанга жалпы 401.1 тонна кофе импорттолгон. 

Кофенин көбү Россиядан (254.5 тонна) сатып алынган. 

Дагы 69.7 тонна – Казакстандан, 37.7 тонна – Колумбиядан, 29.1 тонна – Бразилиядан импорттолгон. 

Кофе жалпы 10дон ашык өлкөдөн ташылган. 
 


Тектеш материалды окуу