Akchabarsearch
Кыргызстанга дээрлик 1.9 млрд сомго суу май импорттолду

Жарыяланган

2026-17-07, 13:00

Кыргызстанга дээрлик 1.9 млрд сомго суу май импорттолду

Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстанга дээрлик 1.9 млрд сомго 19.3 миң тоннага жакын суу май импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Суу майдын көбү өлкөгө Россия (13.6 миң тонна) жана Казакстандан (5.3 миң тонна) ташылган. 

Өсүмдүк майы импорттолгон өлкөлөрдүн катарында Өзбекстан, Азербайжан, Кытай жана Корея бар.

Былтыр январь-апрель айларында өлкөгө 8.8 миң тоннадан ашык суу май импорттолгон.


Тектеш материалды окуу