Жарыяланган
2026-17-07, 14:45Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа жаңы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 124 млн сомду түзөт.
Долбоор боюнча мектептин жалпы аянты 1630 чарчы метрди, 150 окуучуга ылайыкталган. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, эки кабаттуу окуу корпусунан турат. Мындан тышкары, аймакка кичи футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулат.
Объекттин курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Бүгүнкү күндө лифт орнотулуп, жылытуу жана өрт өчүрүү системаларын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.


