
Жарыяланган
2026-13-04, 16:06Кыргызстандын жолдорунда эреже бузгандарды аныктаган аппараттык программалык комплекстерди ишке киргизүү уланууда. Бул тууралуу Ички иштери министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, жыл башынан бери Бишкек шаарынын, Бишкек – Кордай, Бишкек – Нарын – Торугарт, Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол, Бишкек – Ош унаа жолунун Чүй облусунун аймагындагы бир нече жерлерине аппараттык программалык комплекстер орнотулуп, ишке берилген.
Жаңы орнотулган камералар коопсуз курун тагынбаган, карама-каршы тилкеге чыккан, ылдамдыкты ашырып айдаган, жол белгилеринин талаптарын аткарбаган, “Коопсуз шаардын” камераларына түшүп, айыппулдарды төлөбөй жүргөн айдоочуларды аныктайт.



