
Жарыяланган
2026-13-04, 17:35Ала-Бука районунун Ынтымак айыл өкмөтү Көк-Таш айылына 3 км жолго асфальт төшөө үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Бул долбоорго 26 млн 704 миң сом каралууда. Тендерге катышууну каалагандар 27-апрелге чейин арыздарын тапшыра алышат.
Асфальттоо иштери май айында башталып, күз мезгилине чейин бүткөрүлүшү керек.
Тендер шарттарына ылайык, катышуучу компаниялардан жол куруу тармагында кеминде 3 жылдык иш тажрыйба, мурда мамлекеттик же жергиликтүү органдар менен аткарылган кеминде 2 окшош долбоор талап кылынат.
Ошондой эле тиешелүү банктан 10 млн сомдон кем эмес каражаты бар экенин тастыктаган аныктама тапшырышы зарыл.



