
Жарыяланган
2026-11-03, 14:18Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы административдик имарат куруу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, имарат Ашхабад көчөсү, 73 дарегинде курулат.
Курулуш иштерине 31 млн 556 миң 500 сом каралган. Тендерге катышууну каалаган компаниялар 25-мартка чейин арыздарын тапшыра алышат.
Тендерге катышкан компаниялардын курулуш иштерин жүргүзүүгө лицензиясы, ошондой эле салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы жок болушу керек. Мындан тышкары, алар 2024–2025-жылдары ушул сыяктуу курулуш иштерин аткарган тажрыйбасын тастыкташы зарыл.
Курулган объектке кеминде 2 жылдык кепилдик берилет. Эгер кепилдик мөөнөтүндө кемчиликтер аныкталса, подрядчы аларды 5 күндүн ичинде оңдоого милдеттүү.
Курулуш иштеринин мөөнөтү тендердик келишим түзүлгөндөн кийин белгиленет.



