
Жарыяланган
2026-30-03, 14:13УКМК тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 19 млн 604 миң сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тендерге катышууну каалаган компаниялар 13-апрелге чейин арыз тапшыра алышат. Жеткирүү Бишкек шаарындагы жети пунктка жүргүзүлүп, бардык чыгымдар жеткирүүчүнүн эсебинен камсыздалат. Азык-түлүктөр апрель айынан августка чейин жумасына эки-үч жолу жеткирилип турат.
Катышуучуларга акыркы эки жыл ичинде окшош келишимдерди аткарган тажрыйбасынын болушу, ошондой эле салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы жок экени талап кылынат.
Мындан тышкары, тиешелүү документтерди берүү, айдоочунун медициналык китепчесинин болушу жана эт азыктарын ташуу үчүн муздаткыч унаа каралышы зарыл.



