Akchabarsearch
Жалал-Абад: Сары-Талаа айылындагы бала бакчаны оңдоого 7.5 млн сомдук тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-20-07, 13:46

Жалал-Абад: Сары-Талаа айылындагы бала бакчаны оңдоого 7.5 млн сомдук тендер жарыяланды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылындагы «Алтын» бала бакчасы оңдолот. Бул үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталына 7 млн 525 миң сомдук тендер жарыяланды.

Тендердин шарттарына ылайык, жеңүүчү компания бала бакчаны оңдоо иштерин келишим түзүлгөндөн кийин 2 айдын ичинде бүтүрүшү керек.

Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Бирок алдын ала төлөм каралган эмес. Подрядчы иштерди өз каражатынын эсебинен баштоого тийиш.

Каржылоонун бир бөлүгү 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында, калган бөлүгү 2027-жылдын II кварталында бөлүнөрү пландалууда.

Тендерге катышкан компаниялар акыркы эки жылда (2024–2025-жылдары) жалпы суммасы кеминде 7,5 млн сом болгон төрт окшош долбоорду аткарган тажрыйбасын көрсөтүшү керек.

Сынакка арыздарды берүү мөөнөтү 2026-жылдын 24-июлуна чейин. Тендерди Ала-Бука айыл өкмөтү өткөрүүдө.
 


Тектеш материалды окуу