
Жарыяланган
2026-16-07, 10:35Транспорт министрлигине караштуу Жол чарба департаменти Ак-Талаа районундагы Үгүт айылына бетон завод сатып алуу үчүн 35 млн сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматта көрсөтүлгөн.
Тендердин алкагында бетон заводунун жабдууларын жеткирүү, монтаждоо, орнотуу, ишке киргизүү жана кызматкерлерди окутуу иштери каралган. Ошондой эле жабдуулар боюнча бардык техникалык документтер жана колдонуу нускамалары орус тилинде тапшырылышы керек.
Жабдууларды жеткирүү жана орнотуу келишим түзүлгөн күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде бүткөрүлүшү зарыл.
Тендерге катышкан компаниялар ушул сыяктуу кеминде эки долбоорду ишке ашырган тажрыйбасын тастыкташы керек.
Белгилей кетсек, бетон заводуна эки жылдык кепилдик мөөнөтү каралган. Тендердик сунуштар 28-июлга чейин кабыл алынат.



