
Жарыяланган
2026-07-08, 09:19Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Раззаков шаарындагы маданият үйүн капиталдык оңдоого 23.3 млн сомго тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Долбоордун алкагында маданият үйүнүн имараты толук капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Иштер келишим түзүлгөндөн кийин 10 жумуш күнүнүн ичинде башталып, 2026-жылдын 31-декабрына чейин бүткөрүлүшү керек.
Тендерге катышуучу компаниялар тиешелүү лицензияга, ушул сыяктуу курулуш иштерин аткарган тажрыйбага, жетиштүү каржы мүмкүнчүлүгүнө жана керектүү адистерге ээ болушу зарыл.
Тендердик сунуштар 20-августка чейин кабыл алынат.


