
Жарыяланган
2026-09-06, 14:53Лейлек райондук маданият бөлүмү маданият үйүн капиталдык оңдоо иштерине 11.5 млн сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Долбоор боюнча жеңүүчү компания келишим түзүлгөндөн кийин 15 жумушчу күндүн ичинде иштерди баштап, оңдоо иштерин 2026-жылдын 1-ноябрына чейин бүтүрүшү керек.
Тендерге катышуучулар 2024–2026-жылдары ушул сыяктуу кеминде эки долбоорду ишке ашырганын тастыктоого тийиш. Ошондой эле курулуш иштерин аткарууга лицензиясы, керектүү техникалары жана адистери болушу зарыл.
Тендердик сунуштар 23-июнга чейин кабыл алынат. Долбоор боюнча 10% аванстык төлөм каралган. Калган каражат оңдоо иштери толук бүткөндөн кийин берилет.

