Akchabarsearch
Тендер: Бишкектеги «Тунгуч» кичи районунда 10.3 млн сомго спорт жана балдар аянтчалары курулат

Жарыяланган

2026-06-08, 10:49

Тендер: Бишкектеги «Тунгуч» кичи районунда 10.3 млн сомго спорт жана балдар аянтчалары курулат

Бишкектин «Тунгуч» кичи районунда баскетбол жана волейбол аянтчаларын, ошондой эле бир нече балдар оюн аянтчасын курууга 10 млн 311 миң 841 сомго тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалым болду.

Тендерди Октябрь райондук администрациясынын №6 муниципалдык аймактык башкармалыгы жарыялаган.

Долбоордун алкагында №1, 3, 17, 19, 60, 61, 75, 76, 78 жана 79-үйлөрдүн короолоруна спорттук жана балдар аянтчалары курулат. Бардык иштер келишим түзүлгөндөн кийин 30 жумуш күнүнүн ичинде бүткөрүлүшү керек.

Тендерге катышуучулар тиешелүү лицензияга ээ болуп, ушуга окшош долбоорлорду ишке ашырган тажрыйбасын тастыктоого тийиш.

Тендердик сунуштар 19-августка чейин кабыл алынат.
 


Тектеш материалды окуу