
Жарыяланган
2026-19-03, 14:50Чүй облустук жалпы дарыгерлик практика борбору медициналык жабдууларды, тактап айтканда кычкылтек станциясын сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Жабдууларды сатып алууга жалпысынан 9 млн сом каралган.
Катышууну каалаган компаниялар сунуштарын 3-апрелге чейин тапшыра алышат. Тандалган жеткирүүчү келишим түзүлгөндөн кийин жабдууну 25–30 күндүн ичинде жеткирип берүүгө милдеттүү.
Жабдуу Кант шаарындагы (Э.Иманкулов көчөсү, 6) борборго жеткирилет. Жеткирүү бардык чыгымдарды жана салыктарды камтышы керек.
Тендерге катышкан компаниялардан бир катар талаптар каралган. Алардын ичинде:
• тиешелүү лицензиянын болушу,
• салык жана камсыздандыруу боюнча карыздын жоктугу,
• окшош жеткирүүлөр боюнча тажрыйбасы,
• финансылык мүмкүнчүлүгүн тастыктаган документтер.
Жабдуу бардык документтери менен кошо жеткирилиши керек. Кепилдик мөөнөтү 2 жылды түзүп, аныкталган кемчиликтер 3 күндүн ичинде жоюлушу зарыл.



