
Жарыяланган
2026-09-03, 14:03Ош облустар аралык клиникалык ооруканасы дары-дармек сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, дары-дармектер үчүн 11 миллион 618 миң сом каралган. Тендерге катышууну каалаган компаниялар арыздарын 12-мартка чейин тапшырышы керек.
Тендердин шарты боюнча, келишим түзүлгөндөн кийин жеткирүүчү компания 2 күндүн ичинде дарыларды Ош шаарындагы Верхне Увамская көчөсү, 12 жана Краснофлотская көчөсү, 28 даректерине жеткирип бериши шарт. Товар заводдук таңгакта келип, аны оорукананын кампасына чейин жеткирип, түшүрүү иштерин да жеткирүүчү өзү жасайт.
Катышуучу компаниялардын тиешелүү лицензиясы болушу жана салыктар, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы болбошу керек.
Эгерде товарды жеткирүү кечиксе, ар бир күн үчүн келишимдин суммасынан 0.1% айып пул алынат. Айып пулдун жалпы өлчөмү келишимдин суммасынын 5%ынан ашпоого тийиш.



