Akchabarsearch
Кыргызстандагы мейманканалар жана конок үйлөрү 2300 сомдон баштайт: MBANK аркылуу конок үйүн онлайн кантип ээлеп коюуга болот

Жарыяланган

2026-20-01, 17:58

Кыргызстандагы мейманканалар жана конок үйлөрү 2300 сомдон баштайт: MBANK аркылуу конок үйүн онлайн кантип ээлеп коюуга болот

Кыргызстан — бул таза аба, тоолуу пейзаждар, Ысык-Көлдүн тунук суулары жана саякат учурунда бир эле күндө кар баскан чокуларды көрүп, ийне жалбырактуу токойлордо сейилдеп, кечкисин көл жээгинде күн батышын тосуп ала турган өзгөчө өлкө.

Каракол — ашыкча түйшүксүз активдүү эс алуу

Каракол эң популярдуу туристтик багыттардын бири бойдон калууда. Тоолордун этегинде жайгашкан бул шаар активдүү эс алууну жана кооз жаратылышты сүйгөндөрдү өзүнө тартып келет. Бирок турак жай маселеси көп учурда көйгөйгө айланат: издөө убакытты алат, шарттарды бир-бирден тактоого туура келет, ал эми төлөм дайыма эле ачык-айкын боло бербейт.

MTravel аркылуу онлайн брондоо

MTravel кызматы отелдерди жана конок үйлөрүн онлайн, ашыкча чалууларсыз жана күмөндүү алдын ала төлөмдөрсүз ээлеп коюуга мүмкүнчүлүк берет. Баштапкы этапта Каракол шаарындагы турак жайлар жеткиликтүү, жакын арада кызмат өлкөнүн башка аймактарын да камтыйт.

Коопсуз төлөм жана ырасталган бронь

MTravel MBANK экосистемасынын ичинде иштейт, бул колдонмонун ичинде тез жана коопсуз төлөм жүргүзүүгө жана алдын ала төлөм киргизилгенден кийин брондоонун дароо ырасталышына шарт түзөт. Мындан тышкары, колл-борбордун адистери кардарлар менен байланышып, деталдарды такташат, ал эми турак жай ээлери менчик укугун тастыктаган документтик текшерүүдөн өтүшөт. Бул алдамчылык коркунучун кыйла азайтат.

Мейманкананы кантип ээлеп коцсо болот?

Процесс болгону бир нече мүнөттү алат:

·  MBANK колдонмосун ачыңыз

·  MTravel кызматына өтүңүз

·  «Кыргызстан» бөлүмүн тандаңыз

· Багытты, даталарды жана коноктордун санын көрсөтүңүз

· «Турак жайды табуу» баскычын басып, ылайыктуу вариантты тандаңыз

Эс алууңузду алдын ала пландап, чыгымдарыңызды көзөмөлдөп, ашыкча стресстен алыс саякаттаңыз — MTravel менен!

MBANK — Биринчи санарип!

КРУБ №14 лицензиясы


Тектеш материалды окуу