Akchabarsearch
ЖК төрагасы Улуттук университеттин “Ардактуу профессору” наамын алды

Жарыяланган

2026-20-01, 17:29

ЖК төрагасы Улуттук университеттин “Ардактуу профессору” наамын алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Университеттин ректору Догдурбек Чонтоев 100 жылдык тарыхка ээ окуу жайды өнүктүрүү багытындагы бардык демилгени төрага Нурланбек Тургунбек уулу жигердүү колдоп келе жатканын белгилеп, көрсөтүлгөн жардамдар билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. 

«Ага ылайык, окумуштуулар кеңешинин чечими менен төрага Нурланбек Тургунбек уулуна «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору» наамын ыйгарып жатабыз», – деди Чонтоев.


Тектеш материалды окуу