
Жарыяланган
2026-01-09, 17:282026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандан чет жакка 141.8 млн сомго жүгөрү экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Сыртка жалпы 17.7 миң тоннадай жүгөрү сатылган.
Жүгөрү беш өлкөгө: Өзбекстан (15.94 миң тонна), Афганистан (1.1 миң тонна), Тажикстан (612.6 тонна), Кытай (21.7 тонна) жана Россияга (6.8 тонна) экспорттолгон.
Былтыр жарым жылда Кыргызстандан чет жакка 16.2 миң тоннадан ашык жүгөрү сатылган.



