Akchabarsearch
Кыргызстанга дээрлик 3 млрд сомго суу май импорттолду

Жарыяланган

2026-01-09, 16:00

Кыргызстанга дээрлик 3 млрд сомго суу май импорттолду

2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга дээрлик 3 млрд сомго суу май импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Жарым жылда өлкөгө жалпы 29.15 миң тонна суу май ташып келинген. Анын көбү Кыргызстанга Россия (22.1 миң тонна) жана Казакстандан (6.4 миң тонна) импорттолгон. 

Былтыр жарым жылда болсо Кыргызстанга 27.33 миң тонна суу май сатып келинген. Анын жалпы наркы болсо 3 млрд 83.8 млн сомду түзгөн.  

Салыштырып караганда, Кыргызстан былтыркы жарым жылга караганда быйылкысында майды көбүрөөк, бирок арзаныраак сатып келген. Маселен былтыр жарым жылда ташылып келген майдын литри орточо 112.8 сомдон болсо, быйылкыныкы 102 сомдон болгон. 


Тектеш материалды окуу