
Жарыяланган
2026-01-09, 18:492026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 2 млрд сомдон ашык акчага помидор импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өлкөгө жалпы 25.3 миң тоннадай помидор импорттолгон.
Ал Кыргызстанга Түркмөнстан (12.7 миң тонна), Өзбекстан (7.6 миң тонна), Кытай (4.8 миң тонна), Казакстан (90.5 тонна) жана Ирандан (24.1 тонна) келген.
2025-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 21 миң тоннадан ашык помидор импорттолгон.



