
Жарыяланган
2026-10-04, 11:27Кыргызстандык жарандарды Японияга жумушка орноштуруу маселеси талкууланды. Бул маселе эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Каныбек Сагынбаев менен Япониянын элчиси Рюити Хиранонун жолугушуусунда каралган.
Сүйлөшүүдө кыргыз жарандарын Япониянын чет элдик жумушчуларды тартуу программалары боюнча ишке орноштуруу тууралуу кеп болгон.
Кыргызстандыктарды саламаттык сактоо, мейманкана, курулуш жана айыл чарба тармактарында ишке алуу боюнча маселе айтылган.



