
Жарыяланган
2026-10-04, 10:16Улуттук банк жаңы коллекциялык тыйындарды чыгарууну пландоодо. Учурда мекеме ал тыйындарды басып чыгаруу үчүн сынак жарыялап, подрядчикти издөөдө.
Жаңы коллекциялык тыйындар “Тайган жарыш” жана “Өрүкзар” деген аталыш менен чыгат.
Сынак боюнча арыздар 15-майга чейин кабыл алынып, түшкөн арыздар 20-майда ачып, каралат.
Эскерте кетсек, Улуттук банк коллекциялык тыйындарды 1995-жылдан бери чыгарып келет. Бүгүнкү күнгө карата 99 аталыштагы коллекциялык тыйындар даярдалган.



