
Жарыяланган
2026-10-04, 12:42Ош шаарында 10 мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Мектептердин курулушун баштоо аземине президент Садыр Жапаров катышты.
Иш-чарада президент билдиргендей, шаарда 70 мектеп болсо, анда 100 миңден ашык бала окуйт. Бирок ал мектептер 46 миң окуучуга эсептелген. Мектеп жетишпегендиктен 16 мектепте балдар 3 нөөмөттө окуйт.

Садыр Жапаров курулушу башталып жаткан 10 мектеп Турукташтыруу фондунун эсебинен салынарын, дагы 5 мектеп республикалык бюджеттин акчасына салынып жатканын билдирди. Аталган 15 мектеп салынып бүткөндөн кийин азыркы мектеп орундардын тартыштыгы 20-22%га чечилет.


