
Жарыяланган
2026-10-04, 15:19Чүй облусунда К.Тилебалиев атындагы мектеп-интернаттын окуу корпусун капиталдык оңдоо боюнча тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Оңдоо иштерине жалпы 19 млн 279 миң сом каралган. Тендерге катышууну каалаган компаниялар 15-апрелге чейин арыз тапшыра алышат. Келишим түзүлгөндөн кийин курулуш иштери 45 күндүн ичинде толук бүткөрүлүшү керек.
Тендерге катышуучулардан курулуш тармагындагы тажрыйба, буга чейин аткарылган окшош долбоорлор, техникалык жана каржылык мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле тиешелүү лицензиялар талап кылынат. Мындан тышкары, компанияларда керектүү техника жана квалификациялуу адистер болушу шарт.
Иш толугу менен аяктагандан кийин гана акча төлөнүп берилет. Ошондой эле, компания аткарылган иштерге бир жылдык кепилдик бериши керек.



