
Жарыяланган
2026-16-03, 11:39Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын чоң көрүү залына капиталдык оңдоо жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.
Оңдоо иштерине 17 млн 738 миң сом каралган. Тендерге катышууну каалаган компаниялар 31-мартка чейин арыздарын тапшыра алышат. Тандалган компания менен келишим түзүлгөндөн кийин оңдоо иштери 2 айдын ичинде бүткөрүлүшү керек.
Тендердин шарттарына ылайык, катышуучу компаниялар кеминде 5 жылдык тажрыйбага ээ болуп, буга чейин мамлекеттик же коомдук имараттарды оңдоо иштерин аткарган болушу керек. Ошондой эле компаниянын инженердик адистери, керектүү техникасы, жабдуулары болушу талап кылынат.
Мындан тышкары, тендерге катышкан компаниялар салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы жок экенин тастыкташы зарыл.
Курулуш иштерине 36 айлык кепилдик берилет. Эгер оңдоо иштеринен кийин кандайдыр бир кемчиликтер чыкса, подрядчы компания аларды 10 күндүн ичинде оңдоп берүүгө милдеттүү.


