Akchabarsearch
Ош облустук оорукана 1976-жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өтүүдө

Жарыяланган

2025-06-10, 18:20

Ош облустук оорукана 1976-жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өтүүдө

Ош облустук клиникалык ооруканасы учурда толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, оңдоо иштери 2024-жылы башталган.Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Анын тендердик баасы 258 миллион сомду түзөт.

Оорукана заманбап талаптарга жооп берген үлгүдө жасалып, жылытуу системасы жана инженердик тармактар толугу менен алмаштырылып, фасады жаңыланды.

Белгилей кетсек, оорукана 1976-жылы курулуп пайдаланууга берилген жана андан бери биринчи жолу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

 


Тектеш материалды окуу