
Жарыяланган
2026-10-04, 15:09Кыргызстанда мыйзамдаштыруудан өтпөгөн чет элдик номерлүү унаалар боюнча жарлыктын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Белгилүү болгондой, чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу жараяны 2025-жылы 1-апрелден 1-октябрга чейин жүргөн. Анда 30.1 миңдей унаа каттоодон өткөрүлгөн.
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, дагы болжол менен 2.5-4 миң унаа мыйзамдаштыруудан өткөн эмес. Анын ичинен 766 унаа айып короодо турат.
Эми мыйзамдаштыруудан өтпөгөн чет элдик номерлүү унаалардын (анын ичинде айып короодо тургандардын) ээлерине 1-майга чейин убакыт берип, темир тулпарын өлкөдөн чыгарып кетүүгө, тетиктерге бөлүп сатууга же утилизация кылууга мүмкүндүк берилгени жатат. Унааны өлкөдөн чыгарып кетем дегендерге эч кандай тоскоолдук жаратылбайт.
Ошондой эле айып короодо турган чет элдик номерлүү унаалар үчүн анын акысын арзандатуу пландалууда: тариф күнүнө 100 сом болсо, ал 50 сомго түшүрүлөт.
Жарлыктын долбоорундай айтылгандай, 1-майга чейин чет элдик номерлүү унаанын ээлери айтылган үч талаптын бирин аткарышы керек. Болбосо унаасы айып короого коюлуп, утилизацияга жөнөтүлөт.
Учурда бул жарлык коомдук талкууда турат, азырынча кабыл алына элек.



