Akchabarsearch
“Арашан” койлорун чет жакка экспорттоого уруксат берилгени жатат

Жарыяланган

2026-10-04, 16:47

“Арашан” койлорун чет жакка экспорттоого уруксат берилгени жатат

Кыргызстанда “арашан” асыл тукум койлорун чет жакка экспорттоого уруксат берүү пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда малдын эти кымбаттабашы үчүн бодо мал менен кой-эчкини экспорттоого тыюу салынган. Айыл чарба министрлигинин “Кыргыз Агрохолдинг” компаниясына гана мал-жандык экспорттоого уруксат берилген (өлкөдө өстүрүлгөн мал-жандыктан башка).

Бул тыюу салуунун айынан өлкөдө өстүрүлүп-чыгарылган асыл тукум койлорду да экспортко чыгарууга мүмкүн болбой калган. Ошондуктан Кыргызстандын кой өстүрүүчүлөр бирикмеси Айыл чарба министрлигине кайрылып, “арашан” койлорун чет жакка сатууга уруксат берүүнү суранган. Себеби акыркы кезде Өзбекстан менен Казакстанда асыл тукум мал баккан чарбалар “арашан” койлорун сатып алууга кызыктар экенин билдирип келишет. 

Министрлик белгилегендей, Кыргызстанда акыркы жылдары “арашан” коюн баккандардын саны артууда. “Арашан” тирүү салмагы боюнча дүйнөдөгү көлөмдүү койлордун катарына кирет. Бул койлорду экспорттоого уруксат берүү менен “Арашан” деген кыргыз брендин чыгарууга, келечекте Кыргызстандын мал чарба тармагынын кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө түзүлөт. 

Аны менен бирге “арашан” койлорунун баасы кымбат болгондуктан, аны жөн эле согум үчүн сатып алынат деп кароого болбойт. Ошондой эле анын экспорту өлкөдөгү койдун баасына анчейин таасир этпейт. 

Сунушка ылайык, “арашан” койлорун “Кыргыз Агрохолдинг” компаниясы аркылуу гана экспорттоого мүмкүн болот.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутат Улукбек Карыбек уулу “арашан” койлорун баккан ишкерлер, аталган койлорду экспорттоого уруксат берүүну суранганын, уруксат берилсе малдын бир башына 500 долларга чейин салык төлөөгө даяр экенин билдиришкенин айткан. 
 


Тектеш материалды окуу