
Жарыяланган
2026-10-04, 18:10Ош шаарында “Мамлекеттик турак жай” программасынын алкагында 5 миң 518 батирлүү көп кабаттуу үйлөр салынууда. Бул тууралуу президент Садыр жапаров Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугууда билдирди.
Жапаров ушул жылдын 2-кварталында 543 үй тапшырыла турганын айтты. Калган үйлөр келерки жылы бүткөрүлөт.
Садыр Жапаров 2021-жылдан бери өлкө боюнча 9 миңден ашуун үй-бүлө өз турак жайына ээ болгонун айтты.



