Akchabarsearch
Кыргызстандыктар 7-8-ноябрда иштейби? Министрликтин жообу

Жарыяланган

2025-22-10, 18:02

Кыргызстандыктар 7-8-ноябрда иштейби? Министрликтин жообу

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 7 жана 8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү майрам күн экенин, бирок дем алыш күндөрү болбой калганын эске салат.

Былтыр эле 7-8-ноябрь майрам күндөрү болгондуктан, жарандар бул күндөрү жумушка чыкпай, эс алып келишкен. Бирок быйыл жаңы Эмгек кодекси кабыл алынганда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү майрам катары калтырылып, бирок эс алуу күнү болбой калган. Ошондой эле жаңы Эмгек кодекси боюнча, майрам күнү алтынчы же базар күнгө туш келсе, жарандар мурункудай башка жумуш күндүн эсебинен кошумча эс албайт.

Ошол эле учурда 7-ноябрь (быйыл жума күнгө туш келет) майрам күн болгондуктан, кыргызстандыктар бир саат азыраак иштешет (иш күнү бир саатка кыскартылат). 

Ал эми 8-ноябрда (быйыл ишемби күнгө туш келет) жумуш графиги алты күн болгондор бир саатка кем иштешет. 


Тектеш материалды окуу