Жарыяланган
2025-22-10, 16:41Бишкек мэриясы борбор калаадагы кафе-ресторандарды, аны менен катар элге кызмат көрсөткөн башка объектилерди жарандарды дааратканаларына ээн-эркин жана акысыз киргизүүгө милдеттендирүүнү көздөп жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Шаар бийлиги Бишкектеги коомдук тамактануучу жана башка элге кызмат көрсөткөн жайлар дааратканаларынын эшигин кулпулап, кардарларынан башка кишилерди киргизбей турганын же акы аларын белгилейт. Мэриянын сунушу ишке ашса, Бишкектеги кафе-ресторан, мейманкана, банк, соода борборлору, кинотеатр жана башка элге кызмат көрсөткөн жайлардын дааратканаларына акысыз жана тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүн болот. Бул норма акы алып иштеген дааратканаларга тиешелүү болбойт.
Эми алдыда бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш карап, кабыл алышы керек.