
Жарыяланган
2026-14-08, 13:30Кореяда расмий түрдө иштеп, Пенсиялык фондго акча которгон жарандар 9 миң долларга чейин бир жолку төлөмдү алышууда. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылы Корея тарап Кыргызстандын Соцфондуна кайрылып, Кореяда иштеген кыргызстандыктардын арасында пенсиялык топтомо фондго төккөн 9% акчасын албай кеткендер болуп жатканын билдирген. Ошондон кийин эки тарап макулдашуу түзүшкөн.
Ошол документтин негизинде Кореяда иштеген кыргызстандык ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин 5 жыл ичинде жанагы топтомо акчасын алуу тууралуу Кыргызстандын Соцфондуна кайрылса, алар жаранга топтолгон акчасын алууга жардам берет. Бул жерде жаранга топтолгон акча эле эмес, анын үстүнө кошулган кирешеси да берилет.
Мукамбетов белгилегендей, бул жерде Социалдык фонд акчаны алууга гана көмөк көрсөтөт. Жарандын акчасы Соцфондго түшпөйт. Жаран банктык эсеп ачып, керектүү документтерди, анын ичинде Кореяда иштегенин тастыктаган маалыматтарды берет. Соцфонд ал документтерди Корея тарапка расмий каналдар аркылуу жөнөтөт.
Корея тарап документтерди карап чыгып, баары туура жана жанагы айтылган 5 жыл өтө элек болсо, кыргызстандык жарандын акчасын банктык эсебине которуп берет.
Бүгүнкү күнгө карата Кореядагы топтомо акчасын алуу үчүн 180дей адам кайрылып, алардын 130га жакыны акчаларын алган.
"Дагы бир бөлүгү жооптуу күтүүдө. Себеби алардын айрымдарынын документтери туура болбой калган же Корея тараптан жооп келе элек. Дагы 30дай адам расмий иштебегендиктенби, алардын иштегени ырасталбай калды", - деди ал.
Мукамбетовдун айтымында, Кореянын Пенсиялык фондунда топтолгон акчасын алууга кайрылгандардын арасында 9 миң долларга чейин алгандар бар. Ал эми орточо төлөм 3.6 миң долларды түзүүдө.



