Akchabarsearch
    Кыргызстандыктар RG Brands менен бирге муктаж болгон үй-бүлөлөргө 2.7 млн сом чогултту

    Жарыяланган

    2025-23-04, 13:27

    Кыргызстандыктар RG Brands менен бирге муктаж болгон үй-бүлөлөргө 2.7 млн сом чогултту

    Кыргызстанда ыйык Орозо айында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам чогултуу боюнча акция уюштурулду. Кайдыгер эмес жарандардын колдоосу менен өлкө боюнча 2 700 000 сом чогултулуп, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө 780 кайрымдуулук куржунун берүүгө мүмкүн болду. 

    Жардамга берилген ар бир куржун көпчүлүктүн жасаган жакшы иш болду. Кыргызстандыктар эки ай бою RG Brands компаниясынын продукциясын алуу менен муктаж адамдарга жардам берүүгө өз салымын кошо алды. Ар бир активациядан 1 сом азык-түлүк куржунун алууга жумшалды. 

    Көпчүлүк билген Piala Gold чайын, DaDa ширесин, AVA лимонадын, A’SU суусун же Pepsi суусунун алган ар бир киши бул жакшы саамалыкка катыша алды, жалпы ишке салым кошту.  

    Жардамдар бүтүн Кыргызстан боюнча көрсөтүлдү:

    • Ош облусунда 110 куржун чогултуп берилди
    • Жалал-Абад облусунда 110 куржун чогултуп берилди
    • Чүй облусунда 110 куржун чогултуп берилди
    • Нарын облусунда 80 куржун чогултуп берилди
    • Талас облусунда 80 куржун чогултуп берилди
    • Баткен облусунда 80 куржун чогултуп берилди
    • Ысык-Көл облусунда 80 куржун чогултуп берилди
    • Бишкек шаарында 130 куржун чогултуп берилди 

    «Көрсөтүлгөн жардам бул жөн гана азык-түлүк эмес, муктаж болгон адамдарга камкордук, колдоо көрсөтүү, көңүл бөлүү экенин айткым келет. Бул акцияга катышкан ар бир кишиге рахмат айтабыз. Бул долбоорду ишке ашырууга жардам бергени үчүн биздин Коомдун атынан RG BRANDS компаниясына чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз», - деп белгиледи Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым ай Коомунун Бишкек Шаардык Филиалынын Директору Екатерина Орехова.

    Орозо айы – миллиондогон кыргызстандыктар үчүн боорукерликтин жана жардамдашуунун учуру. Бул айда жаныңдагы адамга жакшылык кылуу, кыйналып турган кишиге жардам берүү өтө маанилүү болгондуктан, көптөгөн адамдар жакшы иштерди жасоого аракет кылышат. Ошондуктан бул жардам акциясы колдоого алынып, Орозо айында камкордуктун жана биримдиктин белгиси болду. Жардам алган адамдар үчүн куржундар бир гана колдоо эле эмес, коомдо жакшы иш жасайм деген адамдар көп экенин көрсөттү.

    «Мен жалгыз үч баланы багып келем. Бул кайрымдуулук акциясынын уюштуруучуларына жана кыргызстандыктарга көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиребиз. Көп балалуу жана муктаж адамдардын тагдырына кайдыгер карабаганыңар жана жакшылыгыңар – биз үчүн чоң белек. Сиздерге колдооңуздар үчүн рахмат», – дейт Чолпон Бегалиева.

    «Жардамыңыздар үчүн үй-бүлөбүздүн атынан чоң рахмат деп айткым келет. Биз өтө кубанып турабыз, ыраазыбыз. Кыйын учурда кайдыгер карабай, бизге жардам бергениңиздер үчүн чоң рахмат», – дейт үч баланын энеси, онкология диазнозу коюлган Назгүл Илязова.

    Муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым ай Коому тарабынан түзүлгөн. Тизмени түзүүдө өзгөчө муктаж болгон үй-бүлөлөргө көңүл бурулган: көп балалуу үй-бүлөлөр, ата-энесинин бири жок үй-бүлөлөр, турмушу оор үй-бүлөлөр. Уюуштуруучулар үчүн жардамды муктаж адамдардын алуусу өтө маанилүү болгон. Мындай дыкат мамиле – RG Brands компаниясынын жетекчилигинин баалуулуктарын жана адамгерчилик көз карашын көрсөтүп турат. 

    RG Brands тарабынан Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым ай Коому менен бирге ишке ашырылган бул демилге күндөлүк турмуштагы жөнөкөй эле нерселер миңдеген адамдын башын бир максатта - кимдир бирөөнүн жашоосун жеңил кылуу үчүн бириктире ала турганын көрсөттү. Биздин өлкөдө мындай акциялар көп өткөрүлө берсин.  


    Тектеш материалды окуу