Akchabarsearch
    Чет жактан ташылып келген коон-дарбыздардын фитосанитардык көзөмөлү күчөтүлдү

    Жарыяланган

    2025-17-06, 09:00

    Чет жактан ташылып келген коон-дарбыздардын фитосанитардык көзөмөлү күчөтүлдү

    Кыргызстандын чек арасында чет жактан ташылып келген дарбыз менен коондун фитосанитардык көзөмөлү күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

    Министрлик адамдын организмине бир күндө нитраттардын 70-90%ы жашылча-жемиш менен кире турганы эске алынып, сырттан алынып келген продукцияга тыкыр фитосанитардык текшерүү жүргүзүлүп жатканын белгилейт. 

    Мындай чара элдин ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу, ашыкча химиялык заттар колдонулган жашыл-жемиштин өлкөгө киришине жол бербөө максатында көрүлүүдө. 

    Фитосантитардык талаптарга туура келбеген продукция кармалат, артка кайтарылат же жок кылынат. 

    Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти сырттан продукция ташыган ишкерлерге белгиленген талаптарды сактап, продукциянын коопсуз экенин жана сапатын тастыктаган документтерди алдын ала даярдап алууга чакырат.


    Тектеш материалды окуу