Akchabarsearch
    Депутат: Алматыда цементтин кабы 300-320 сом, бизде 480-500 сом болуп жатат

    Жарыяланган

    2025-17-06, 11:49

    Депутат: Алматыда цементтин кабы 300-320 сом, бизде 480-500 сом болуп жатат

    Алматыда цементтин кабынын (50 кг) баасы 300-320 сом, бизде 480-500 сом болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров билдирди. 

    Курулуш министринин орун басары Бакай Турдугуловдун айтымында, алардын талдоосу көрсөткөндөй, азыр цементтин кабы 410-450 сом болуп жатат. Айрым жерлерде андан 20-30 сомго кымбат жерлер бар. 

    "Бирок орточо баа 410-450 сом болуп жатат. Былтыркы жыл менен салыштырсак, цементтин баасы 10 смодон 50 сомго чейин кымбаттаптыр", - дейт ал. 


    Тектеш материалды окуу