Жарыяланган
2025-17-06, 13:50Нарын облусундагы Сары-Булак – Соң-Көл жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №14 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
“Асфальт басуу иштери аяктаган соң жол кыймылы жеңилдеп, транспорт үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттар жаралат”, - деп айтылат маалыматта.