Жарыяланган
2025-17-06, 14:23Курулуп жаткан көп кабат үйдөгү 9 батир жана коммерциялык жай өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, териштирүү учурунда Бишкектеги "Ак-Сай" мейманканасын менчиктештирүүдө мыйзам бузуу болгону аныкталган.
1996-жылы президенттин буйругу менен мейманкана "Дыйкан-Ордо" эркин фермерлер жана айылдык ишкерлер ассоциациясынын балансына өткөрүлгөн. 2004-жылы мэрия аларга мейманканага жанаша жайгашкан 32.5 сотых жерди 49 жылга убактылуу пайдаланууга берген.
Бирок 2005-жылы аталган ассоциациянын мурдагы төрагасы И.Р.А. ыйгарым укуктарынан аша чаап, белгиленген жол-жобону бузуп мейманкананы С.Э. аттуу жаранга 1 млн сомго сатып жиберген. Учурда аталган объектте көп кабаттуу үй салынууда.
Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, аталган факт боюнча мамлекетке 170 млн 554 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.
УКМК билдиргендей, текшерүү жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында көп кабаттуу үйдүн үлүш ээлери жер тилкенин менчиктерүүдө мыйзам бузуу болгонун мойнуна алып, жалпы аянты 800 чарчы метр болгон 9 батирди жана 300 чарчы метр болгон коммерциялык жайларды мамлекетке өткөрүп берген.